www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы учурда климаттын өзгөрүшү чоң коркунуч жаратууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта NazarNews маалымат агенттигине Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин директору Динара Кутманова билдирди.
--"Кыргызстан табигый жаратылышын сактап калган өлкөлөрдүн катарына кирет. Табигый жаратылышыбыз жок болуп кетүү астында турат. Комитет жаныбарлар, өсүмдүк түрлөрү, мөңгүлөр жана бийик тоолор көбүрөөк табигый экологиянын сакталып калышына мүмкүнчүлүк түзөт.
Азыркы учурда климаттын өзгөрүшү чоң коркунуч жаратууда. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга да олуттуу таасир тийгизет. Температуранын көтөрүлүшү – мөңгүлөрдүн тез ылдамдыкта эришине себеп болот. Мезгил да убагында болбой, жылышып жатат. Окумуштуулардын акыркы изилдөөлөрүнө таянсак, температуранын көтөрүлүшү, күндүн ысышы орто эсеп менен 4 градуска чейин болот.
10 жыл мурун жайында мээ кайнаткан ысык 1 жумадай болсо, азыр 1 айга чейин уланып жатат. Кышында кардын аз жаашы, мөңгүлөрдүн эриши же суунун кургашы да ушул нерседен көз каранды. Өлкөдөгү суунун азайышы, экономикабызга да зыян келтирүүдө", - дейт Кутманова.
Булак: NazarNews.kg