www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор Азияда Кыргызстандан башка дагы эки өлкө АЭС курат

Атомдук электр станциясын Кыргызстан эле эмес Казакстан, Өзбекстан да салууну пландап жатат.

Планы стран Центральной Азии по строительству АЭС - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022

Казакстанда курулуш үчүн Алматы облусунун Балхаш суусунун жээгиндеги Үлкөн кыштагы каралып жатат. Аймак Бишкектен 342 чакырым алыстыкта. Атомдук электр станциясын куруу боюнча сунуш Россия, Кытай жана америкалык эки компаниядан түшкөнү айтылды.

Өзбекстан эки энергоблоктон турган атомдук электр станциясынын курулушун ушул жылы баштоону пландоодо. Бул долбоорду "Росатом" корпорациясы ишке ашырмакчы. Станция Жизак облусуна салынат.

Кыргызстан дагы чакан АЭС курууну караштырууда. Бирок анын жайгаша турчу жери аныктала элек. Энергетика министрлиги бул боюнча Россиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы менен меморандум түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости