www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда Кунаев 1955-1960, Назарбаев 1984-1989-жылдары өкмөт башчысы болгон. Өзбекстанда Каримов 1990-1992, Тажикстанда Расулов 1946-1955 (1-чи катчы 1961-1982), Түркмөнстанда Гапуров 1963-1969 (1-чи катчы 1969-1985), Ниязов (1985-1986) (Түркмөнбашы 1986-2006), Кыргызстанда Бакиев (2000-2002) (2005), Атамбаев (2007), (2010-2011), Жээнбеков (2016-2017), Жапаров (2020) өкмөт башында турушкан.
Мезгил билинбей закымдап учуп, Султан Ибраимовдун бул дүйнөдөн көчкөнүнө узак жылдар болгон экен. 1980 –жылы жайында Москва олимпиадасы болуп ѳтѳт. Ошол мезгилде СССР империясын башкарып турган Саясий Бюро, КПСС Борбордук комитети карып, таякка күнү түшүп баратканы, анын сырттагы кадыр-баркын жоготуп, Москва олимпиадасына АКШ жана башка континенттеги бир топ мамлекет катышпай коёт. Ошол жылы 4-октябрда жол кырсыгынан улам Белоруссиянын жетекчиси, Белорусия компартиясынын биринчи секретары Федор Машеров жок кылынат. Машеров экономиканы эзген, саясат жаатында жаӊы келаткан күч эле. Ал Саясий Бюронун мүчѳлүгүнѳ талапкер болсо да, түз, ачык сүйлѳгѳнүнүн айынан эл арасында жана чет жерлерде барк күтүп, ачык эле СССРдин мамлекет башчысы, КПСС БК Генеральный секретары Леонид Ильич Брежневге коркунуч туудура баштаган. Ал мезгилде алжып бараткан Брежневди «куурчак» катары сахнага чыгарып коюшуп, «жеӊ ичинен» Саясий Бюронун мүчѳлѳрү Андропов, Суслов сыяктуулар башкарып калган. Ошондуктан, «авторитет» күтүп элге алынып жаткан коммунисттерди тазалап, «жылма репрессия» жүргүзүү чаралары башталып калат. Эгерде 1936 –жылдагы репрессияны Сталин Ленинград обкомунун жетекчиси Кировду жок кылып, анын ѳлүмүнѳ такап баштаса, 1980- жылдагы «жылма репрессия» бийликке каршы тик айткан, саясий ишмер Федор Машеровдун түз жолдо автокырсыкка кабылып жок кылынышы менен башталган.
1980-жылдын 4-декабрында адилеттүүлүк үчүн жанын берген, кыргыз эли мамлекет башына келет деп зор ишеним артып калган инсан Султан Ибраимов табышмактуу түрдѳ жок кылынат. Султан мырзанын ѳлүмү кыргыз эли үчүн таянган тоосу урагандай болгон. Адилеттүү чечим чыгаарын кыргыз эли ушул мезгилге чейин күтѳт. Анткени бул ишти ошол мезгилде СССР мамлекетин чимирип калган КГБнын жетекчиси Юрий Андропов ѳзү колуна алат. Бул мезгилде Москвада бийлик үчүн күрѳш тутанып, жетекчиликке талапкер Машеров капыстан жок кылынып, аны жабыш үчүн «ашына» Ѳзбекстандын жетекчиси, Саясий Бюронун кандидаты Рашидовдун аркасынан коррупциялык иштер чубала баштаган. Ал эми акыйкат үчүн тикесинен –тик туруп берген Султан Ибраимов ошол мезгилдеги Улуу мафиянын куйругун басып, Токмоктогу эт- комбинатынын кожоюндары Бостоновдорду боздото баштаган. Дал ушул жерде ошол мезгилдеги кыргыз саясатынын жүзү жаркырап кѳрүнүп турат. Бул комбинат эт жѳнѳтүп РСФСРдин ири шаарларын багып жатабыз деген шылтоо менен ири махинацияларды жасап жаткан. Булардын муздаткычынын бири ошол жакка эт жѳнѳтсѳ, экинчиси коррупцияны багып жатканын кыргыз ѳкмѳтүн башкарып калган Султан Ибраимов билип калган. Билмек түгүл Токмок эт комбинатынын артынан түшүп, мафиянын артынан түшүп, жалпы калайык-калк үчүн ѳзүн курмандыкка чалган. Ал мамлекеттик жетекчи катары карамагындагыларга катуу талап коюп, айтканын аягына чейин аткарып, ишке жоопкерчилик менен мамиле жасаган. Султан мырза ошол убактагы ички иштер министрлигинин,Габудулиндин ишинин таза эместигин билген. Аларды Брежневдин күйөө баласы Чурбанов колдоп жүргөнүн да билүүчү. Ар дайым эле Токмоктогу эт комбинатындагы эки эт муздаткычтын бирөө иштебей бузулуп, ичиндеги эт жараксыз делинип керектен чыгарылып, мал багуучулардын эмгегин уюшкан мафия жеп келген. Байкап калган Өкмөт башчысы Токмокко өзү келип эт муздаткыч чыгарган заводдон мастер алып барып текшерсе, атайын эле эң керектүү иштете турган тетигин сууруп иштетпей коюшкандыгын көрсөткөн. Чындыгы муздаткычка бир канча тонна эт баткан. Муну байкап калган Султан Ибраимов дагы үчүнчү эт муздаткычты койдуруп коюп өзү тереӊ көзөмөлдөйт. Ошол заманда үчөөнү тең этке толтуртуп, элибизге эт кенен болуп калат. Бул ошол мезгилде адамдын оозун ачырган Бостонов баштаган мафиянын бетинин ачылышы болгон. Султан Ибраимович бардыгына көз жуумп койбой мафиянын куйругун басып,ѳз ажалын тездеткен. Ал СССРде жүргүзүлүп жаткан экономикалык, саясый багыттарында туура эмес фактыларды керектүү мезгилдерде айтып келген.
Көз боёмочулук, паракорлук, элдин мүлкүн каалагандай талап-тоноочулук анын жан дүйнөсүнө тынчтык берген эмес.
Көсөм жетекчи Ибраимовду кыргыз журтун башкарат деп эл алдын ала чечип койгон. Машеровдун капыстан ѳлүмү жана Султан мырзанын атылышы 80-жылдагы «жылма репрессиянын» башталышы болгон.
Муну изилдеген Брежневден кийин зор империяны башкарып калган Юрий Андропов СССРде «чымын учса» жакалап алган, Бостоновду беш манжадай билген.. Бул мафияны изилдеп отурса, түбү барып Москвага такалмак. Ошондуктан, Султан Ибраимовдун ѳлүмүн «Тѳѳ кѳрдүӊбү жок, бээ кѳрдүӊбү жок» кылып, поюздагы бир сандыраган адамдын мойнуна коюп, кийин кѳзүн тазалап коюшту. Чындыгы, бул табышмактуу ѳлүмдүн түбү тереӊ. Бул окуя Сталиндин убагында кыргыз ѳкмѳтүн жетектеп турган Баялы Исакеевдин Бухариндин кабинетинде отуруп, ичи ысып кетип «Кара жорго» бийин бийлегени эмес. «Кара жорго» бийин Бухаринге бийлеп бергени үчүн Баялы Исакеев репрессия болуп, атылып кеткен. Ал эми Брежнев 1964 – жылы курортто жүргѳн Никита Хрущевдон мамлекет башчысын тѳӊкѳрүш менен алган соӊ, Хрущевду ѳлѳѳр-ѳлгүчѳ камап, совет элине бейпилдик алып келгени менен, сексенчи жылдары анын иши бүтүп калган. Мамлекет башчысын ээлѳѳ үчүн Андропов сыяктуулар жулунуп турса, мамлекеттик бийликти Брежневдин кызы Галина Брежнева менен күйѳѳсү МВД министринин орун басары Чурбановдор башкарып турушкан. Брежневдин күйѳѳ баласы Чурбанов министр Щелоковго баш ийген эмес. Ленинграддын жетекчиси, Романовдордун династиясынын ѳкүлү Брежневдин ордун кѳздѳп турган Романов Эрмитажка той берип, ызы-чуу менен кеткен, ал эми экономиканы эзип, Брежневге түз жол кѳрсѳтүп турган Косыгин, идеологияны ийлеп турган Суслов ушул мезгилдерде жарыкчылык менен кош айтышат. Бийликти мээлеп турган Юрий Андроповго Султан Ибраимов сыяктуу эл колдогон түз адамдын кереги жок эле. Негизи, Султан Ибраимовдун кѳзүн тазалоо боюнча операция ийне-жибине чейин каралып, дыкаат уюштурулган. Мунун башында ошол мезгилде МВДны жетектеп турган Габидулин эмес, Москванын ошол мезгилде чет мамлекеттердеги ѳкмѳт башчыларынын кѳзүн тазалоо боюнча атайын окуудан үйрѳтүлгѳн коопсуздук органдары турган. Кызыгы, КГБнын тогузунчу бѳлүмү ушул иш менен алпурушкан, ал эми КГБнын тѳр агасы ушул ишти контролдукка алган Юрий Андропов болгон. «Карышкырга кой кайтарткан» заман болгондой. Чыныгы элдик уул Султан Ибраимовдун табышмактуу ѳлүмүнүн бети ачылбай кала берди. Султан Ибраимов ошол мезгилде жүргүзүлүп жаткан «жылма репрессиянын» курмандыгы болду.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg