www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор Азияда 26 миллиондон ашуун адам кургакчылыктын кесепетин тартып жатат. Бул тууралуу БУУнун Жаңылыктар кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аймакта жерлердин деградациясы, кургакчылык жана суу тартыштыгы жаратылышка да, элдин жашоо-шартына да олуттуу таасирин тийгизүүдө. Учурда Борбор Азиядагы жерлердин кеминде 20 пайызы деградацияга учураган, ал эми алардын 80 пайызга жакыны жайыт катары пайдаланылат.

Ошондуктан жайыттардын абалы азык-түлүк коопсуздугуна, элдин киреше булактарына жана климаттык өзгөрүүлөргө туруштук берүүгө түздөн-түз таасир этет.

БУУнун маалыматына ылайык, учурда Борбор Азияда 152 миллион гектардан ашуун жер кургакчылык шартында болуп, бул аймак калкынын жарымынан көбүнө таасирин тийгизүүдө.

Ошондой эле Борбор Азиянын тоо экосистемаларын коргоо боюнча Дүйнөлүк банк менен биргеликте ишке ашырыла турган аймактык долбоорго 5,4 миллион доллар бөлүү жактырылып, суу жана жер ресурстарын башкарууга багытталган 26 миллион долларлык аймактык программа да башталды.

Последние новости