www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эксперттердин маалыматына ылайык, Борбор Азияда абанын температурасы дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн 1,5–2 эсеге ылдам жогорулап жатат. Натыйжада Теңир-Тоо жана Памир тоолорундагы мөңгүлөрдүн көлөмү 36%га чейин кыскарып, кылымдын аягына чейин алардын 85%ына чейин жоголушу мүмкүн.
Аймакта суу ресурстарынын 90%га жакыны айыл чарбасында пайдаланылгандыктан, суунун азайышы түшүмдүн төмөндөшүнө, жайыттардын деградациясына жана мал чарбачылыгына олуттуу зыян алып келүүдө. Болжол боюнча, 2050-жылга чейин түшүмдүүлүк 30%га чейин азайып, 5,1 миллион адам климаттык мигрантка айланышы мүмкүн.
Адистер ошондой эле сууну натыйжасыз пайдалануу жана мамлекеттер аралык кызматташуунун жетишсиздигинен Борбор Азия жыл сайын 4,5 млрд долларга жакын экономикалык чыгым тартып жатканын белгилешет. Алар суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү жана суу ресурстарын биргелешип башкаруу чаралары күчөтүлбөсө, суу тартыштыгы социалдык чыңалууну жана мамлекеттер аралык пикир келишпестиктерди күчөтүшү мүмкүн экенин эскертишти.