www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы (БМЖККК) тарабынан синтетикалык баңгизаттарды таркаткан туруктуу каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу БМЖКККдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2004-жылы туулган О.Ж.Э. аттуу жаран баңгизаттарды катуу жолу менен таркатып жүргөндө кармалган. Анын жанынан 34 даана «Alpha-PVP» синтетикалык баңгизаты алынган.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө О.Ж.Э.нин көрсөтмөсүнүн негизинде 2008-жылы туулган Ж.Н.М. аттуу жаран кармалып, анын атына почта аркылуу келген 1 кг 82 гр «Alpha-PVP» алынган. Ошол эле күнү Ж.Н.М. убактылуу жашаган Бишкектеги дарегине тинтүү жүргүзүү учурунда синтетикалык баңгизаттарды бөлүштүрүү, таңгактоо жана салмакка тартуу каржаттары (тараза, зип-баштык, изолента ж.б.) табылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандар «К.» интернет-дүкөнүндө иштеп, Бишкекте баңгизаттары катуу жолу менен таратканы аныкталган.
Эгерде баңгизаттар сатыла турган болсо, мыйзамсыз киреше 4 миллион сомдон ашмак жана дозасы 6000ден ашык болмок.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоого багытталган тергөө уланууда.