www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти муниципалдык билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултуу фактыларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштерди улантууда.
Иш бир нече багытта жүргүзүлүп келет: жетекчилер менен үзгүлтүксүз кеңешмелер өткөрүлөт, педагогдор арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт, ошондой эле ата-энелер менен жолугушуулар уюштурулат. Мындан тышкары, жарандардын кайрылуулары каралып, ар бир факт боюнча текшерүүлөр жүргүзүлөт.
2025–2026-окуу жылында мыйзамсыз акча чогултуу боюнча 25 кайрылуу келип түшкөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, күнөөлүүлөргө тартиптик чаралар көрүлгөн. Эки билим берүү уюмунун жетекчиси кызматынан бошотулду.
Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык мектептерде жана бала бакчаларда ар кандай акча чогултуу аракеттери жол берилгис экенин эскертет.
Ошондой эле билим берүү уюмдары жергиликтүү бюджеттен толук каржыланат. Акча каражаттары капиталдык жана учурдагы оңдоолорго, материалдык-техникалык базаны чыңдоого багытталат.
Бүгүнкү күндө билим берүү тармагына бөлүнгөн каржылоо көлөмү 500 млн сомдон ашты. 2026-жылы учурдагы оңдоолорго 183 млн сомдон ашык каражат каралган, анын ичинде биринчи жолу подряддык иштерди каржылоо үчүн 54,3 млн сом бөлүнгөн.
Бул чаралар оңдоо иштерин ата-энелердин же мугалимдердин эмес, атайын подряддык уюмдардын күчү менен аткарууга жана мыйзамсыз акча чогултууну жоюуга багытталган.
Билим берүү департаменти ата-энелерди жана педагогдорду мыйзам талаптарын так сактоого жана мыйзам бузуу фактылары тууралуу кабарлоого чакырат.