www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаанын конокторуна таштандыны башаламан ыргыткандыгы үчүн 8 500 сомго айып пул салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын конокторуна таштандыны башаламан ыргыткандыгы үчүн айып пул салынды. Рейд учурунда муниципалдык инспекциянын инспекторлору көрктөндүрүү эрежелерин бузганын аныкташкан. Бул факт Биринчи май районунун Осипенко көчөсү, 2 дарегинде катталган.

Эреже бузгандар катуу тиричилик таштандыларын такталбаган жерге топтогону аныкталды. Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114 жана 115-беренелеринин 1-бөлүгү боюнча 8500 сом айып пул салынды.

Эскерте кетсек, борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан күн сайын өз аймагынын тазалыгын камсыз кылуу зарыл.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости