www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-февралдан тарта Кыргызстан мусулмандарынын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына талапкерлердин арыздарын кабыл алуу башталат. Бул тууралуу муфтияттан билдирди.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши ушул жылдын 11-февралында жыйын өткөрүп, анда 5-апрелде Кыргызстан Мусулмандарынын VII Курултайын өткөрүү боюнча токтом кабыл алынган.

Кыргызстан мусулмандарынын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына талапкер катары катталуу үчүн коюлган талаптар:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө кеңири түшүнүгү бар;

Салтуу Ислам болуп саналган Матуриди акыйдасын жана Ханафий мазхабын карманган;

Жогорку финансылык билимге ээ;

Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх жана башка Ислам негиздерин жетиштүү деңгээлде билген (талапкерге артыкчылык берилет);

Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, адамгерчиликтүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс;

Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан мурда соттолбогон;

Эч кандай саясий партияларга мүчө болбогон;

Мамлекеттик финансылык кызматтарда же мамлекеттик эмес финансылык мекемелерде беш (5) жылдан кем эмес иштеген;

Уюштуруучулук жана жетекчилик жөндөмү бар;

Мамлекеттик тилде эркин сүйлөгөн жана жаза билген Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Кыргызстан мусулмандарынын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына талапкер катары каттала алат.

Каттоого катышуу үчүн керектүү документтер:

Талапкердин Каттоо комиссиясынын төрагасынын наамына жазган арызы;

Кадрларды каттоо баракчасы 4 даана ¾ өлчөмүндө сүрөтү менен (Личный листок) байланыш маалыматтары, жашаган дареги сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек);

Паспортунун көчүрмөсү (ID карт) ;

Резюме (илимий жетишкендиктерине, иш тажрыйбасына жана алган сыйлыктарына басым жасалат);

Мүнөздөмө (акыркы иштеген мекемесинен);

Жогорку финансылык билимин тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү;

Эмгек китепчесинин көчүрмөсү

Соттолбогондугу тууралуу аныктама каты.

Документтер төмөнкү даректе кабыл алынат:

Бишкек шаары, Гоголь көчөсү 57, КМДБнын / Муфтияттын имараты, 2-кабат. КМ Аалымдар Кеңешинин катчылык бөлмөсү.

Кабыл алуу убактысы: Ишемби, жекшембиден сырткары бардык күндөрү саат: 11:00 – 16:00.

Документтер [email protected] электрондук почтасы аркылуу да кабыл алынат. Электрондук дарекке жиберүү жолу менен катталгандар документтеринин түп нускаларын (оригиналдарын) 17-мартка чейин делонун ичинде тапшырууга тийиш. Документтерди алып келген адам үчүн талапкердин ишеним каты талап кылынат.

Сурап-билүү телефону: + 996 (702) 559684; + 996 (777) 881122;

Документтерди тапшыруу мөөнөтү:

2021-жылдын 17-февралынан тартып, 2021-жылдын 17—март күнү саат 18:00гө чейин.

Эскертүү: Коюлган талаптарга жооп бербеген документтер каттоого алынбайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости