www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдиктин Украинанын айланасындагы жана Газа тилкесиндеги чатакка жасаган ар башка реакциялары ЕБдин араб, Африка жана башка батыштык эмес мамлекеттери менен болгон мамилесинде "кымбатка турду". Бул туурасында Европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррель айтып, мойнуна алганын РИА Новостижазды.

"Биримдиктин жоктугу араб дүйнөсү, аны менен катар эле Африканын көп өлкөлөрү, Латын Америкасындагы жана Азиядагы мамлекеттер менен болгон мамиледе кыйынчылыктарды жаратты. Украина менен Палестинадагы согушта биздин жасаган ар башка реакцияларыбызды Россиялык пропаганда жакшы колдонуп кетти", — деген Боррель.

 

Анын айтымында, Украина боюнча Евробиримдик "ЕБ өлкөлөрүнүн ортосунда ынтымак болгондуктан чечкиндүү" кадам таштады. Анткен менен Газадагы чатакта он миңдеген адамдар, анын ичинде балдар, аялдар каза болду. ЕБ Израиль менен жакшы мамиледе болгонуна карабастан согушту токтото алган жок, гуманитардык каатчылык жөнгө сала албай жана туткундарды куткарууда алсыз болду.

Боррель муну менен катар эле Евродипломатиянын башына келгенден берки негизги күрөшү болгон "россиялык пропаганданын" иши Брюсселдин кадамдарына "калган дүйнөнүн" нааразылыгынан улам ийгиликтүү болуп кетти. Тагыраагы, "Батыштык эмес" дүйнө коронавирус кризисинде вакциналардын теңсиз бөлүнүшүнө, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштүн жетишсиздигине, миграциялык саясаттын каттуулугуна жана эл аралык уюмдардагы адилетсиздикке тынчсызданды.

Кызматынан жакында кете турган Боррель мындан ары Евробиримдик "калган бардык дүйнөнүн Батышка каршы" биригип кетчү альянска жол бербөө үчүн бардыгын жасашы керек деп эсептерин айтты. Анын пикиринде, бул үчүн европалыктар өзүнүн принцибин "сөз боюнча калтырбай, бардык жерде иш жүзүндө кармашы" керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости