www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгер Европа биримдиги өзүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялабаса Орусия Украинадагы жаңжалда жеңүүчү болуп чыгат. Бул тууралуу Европа дипломатиясынын жетекчиси Жозеп Боррель британиялык Guardian гезитиндеги маегинде билдирген.
“Эгер биз багытыбызды тез арада өзгөртүп, мүмкүнчүлүктөрүбүздү мобилизациялабасак Путин Украинадагы согушта жеңишке жетет”, – деди ал.
Боррель Орусияны Европа демократиясына коркунуч жарткан ири держава деп атады.
“Орусия согушта жеңүүчү болбошу үчүн биз эмне жасай алабыз? Мына ушул суроо маанилүү! Колдон келген ишти аткарууга чындап даярбызбы? Өзүбүзгө ушул суроолорду беришибиз керек”, – деди ал.
Боррель Батыш Киевди мындан ары дагы колдошу керек деп байма-бай атып келет. Ал июнь айында чет элдик колдоосуз Украинадагы конфликт тез эле соңуна чыгып калышы толук мүмкүн экенин эскерткен. Ал эми бир аз күн мурда Европа биримдигиндеги айрым мамлекеттер Россияны “стратегиялык коркунуч” катары карабай турганын айтып арызданган.
Булак: NazarNews.kg