www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман” демекчи, Кыргызстандын аймагындагы Жаңы-Жер айылынын тургуну Тажикстан тараптан бастырып кирген аскерлерге көмөктөшкөн деген маалыматтар социалдык тармактарда жазылууда.

Ыкчам маалыматтын негизинде Жаңы-Жер чек ара заставасынын сол канатында Худжант-Канибодом автоунаа жолдон  (трасса) болжолдуу Мамлекеттик чек ара тилкесинен 15-20 метр КРнын аймагында жайгашкан, Жаштык айылынын тургуну 29-июнь 1940-жылы туулган Бободжонов Махмуд 2021-жылдын 29-30 апрель жана 1-май күндөрү коңшу ТРнын куралчан аскер кызматкерлери КРнын Борбордук Жаштык, Арка айылдарына ок аткылап бастырып кирип, андан соң жергиликтүү тургундардын автоунаа мал-мүлк жана үйлөрүн тоноп өрттөө учурунда Бободжонов коңшу тараптын аскер кызматкерлерине жардам берген.

Ошондой эле, Борбордук айылында буга чейин жашап келген Тажикстандын жарандыгы бар жарандардын арасында кадыр-баркы бар көптөгөн чечилбеген маселелерин чечип келгени айтылууда. Себеби, Бободжонов Махмудтун кыздарынын бири Тажикстандын аймагында таасирдүү Мамлекеттик кызматта иштейт деген маалымат бар.

Маалым болгондой, 29-30 апрель күндөрү Худжант-Канибодом автоунаа жолунун боюнда тонолуп, өрттөлгөн үйлөрдүн арасында Бободжонов Махмудтун үйүнө эч ким тийген эмес.

Жогоруда берилген маалыматка таянып карасак, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Тажикстан Республикасынын жараны болгон Махмуд Бободжондун үйүнө эч ким тийбегени күмөн туудурбай койбойт.

Эске салсак, 28-29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Баткен облусунда 70тен ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланды.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды.

Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости