www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун 1-варианты Жогорку Кеңештин кароосуна жибериле элек. Бул тууралуу Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Анын айтымында, азырынча долбоор кеңешмеде секцияларда талкууланып жатат.

--«Жогорку Кеңешке жиберүүгө толук даяр боло элек. Биринчи вариантты учурда, мына бүгүн да секцияларда талкуулап жатабыз. Парламентке качан жиберилери азырынча белгисиз», - деди ал.

Бекбосун Бөрүбашев 10-январда референдум өтүп, эл мамлекеттик башкаруунун формасын аныктаган соң ошого жараша кадам жасалышы ыктымал экенин да кошумчалады.

Конституциялык кеңешме 11-декабрда Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын кабарлаган.

Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 2020-жылы 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башта ал долбоорду 10-январда президенттик шайлоо менен кошо референдумга коюу сунушталган. Коомчулуктун сынынан кийин парламент 10-январда башкаруунун гана түрүн аныктоо боюнча бүткүл элдик добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө мыйзам кабыл алган.

Канткен менен президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов 20-ноябрда түзгөн Конституциялык кеңешме ушул күндөрү Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жатат. Ал ишин качан жыйынтыктары белгисиз.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат. Анын каршылаштары мындай долбоор өтсө авторитардык бийлик күчөйт деп чочулашат. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости