www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын жаңы шайланган вице-президенти Камала Харрис АКШнын учурдагы лидери Дональд Трампты Грузиянын мамлекеттик катчысы Брэд Раффенспергер менен болгон сүйлөшүүсүнүн жазуусу боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп айыптады.

Ал жаздырууда, Трамп Грузиянын мамлекеттик катчысы Брэд Раффенспергерден анын пайдасына добуштарды кайра саноону өтүнгөн.

«Бул жаздырылган сүйлөшүү жөнүндө баарыңар уктуңар беле? Албетте, бул үмүтсүздүктүн үнү болду. Бул АКШнын президенти тарабынан кызмат абалынан ачык жана тайманбай кыянаттык менен пайдалануу болду», - деди Харрис.

Белгилей кетсек, буга чейин The Washington Post гезити Дональд Трамп Брэд Раффенспергерди президенттик шайлоодо АКШнын маанилүү штаттарынын бириндеги добуштарды анын пайдасына кайра санап чыгууга чакырганын жазган.

«Мен болгону 7780 добуш тапкым келет, анткени биз жеңдик» деп гезит президенттин сөзүн келтирген.

Эске салсак, 2020-жылдын 3-ноябрында АКШда кезектеги президенттик шайлоо болуп өттү. Добуштарды эсептөө жана буга байланыштуу сот процесси дагы деле болсо уланууда.

Маалым болгондой, Байден жеңишке жетүү үчүн зарыл болгон сандагы шайлоочулардын добуштарын алып, Американын учурдагы лидери Дональд Трамптан ашып түшкөн.

Джо Байден буга чейин өзүн АКШнын жаңы шайланган президенти деп жарыялаган.

Өз кезегинде Трамп Байден өзүн өлкөнүн жаңы лидери деп айтууга шашылып жатканын айтты.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости