www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин менен жолугууга дилгир, бирок ал кабыл албаган президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов  Москвага дагы жетип барса, Кремлдин чатырында бир чукча отурат.

-Сен эмне отурасың?- дейт Талант Мамытов.

-Мен Путиндин бийлиги качан бүтөт, ошону карап отурам. Айына стабилдүү жүз миң рубль алам.- дейт чукча.

-Эй, мен сага айына жүз миң евро төлөп турайын, мага келип менин бийлигим качан бүтөөрүн байкап турбайсыңбы?- дейт Талант Мамытов.

-Чукча не дурак, түбөлүктүү аз айлыктуу кызматты, убактылуу көп айлыктуу кызматка алмашпайт.-дептир чукча.

Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

Анда орус-кыргыз союздаштык мамилелери жана стратегиялык өнөктөштүк жогорку деңгээлде. Биздин өлкөлөр евразия интеграциялык процесстердин алкагында конструктивдүү кызматташууда, аймактык жана эл аралык коопсуздукка болгон коркунучтар, анын ичинде коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирип жатат. Келе жаткан жылда Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы көп кырдуу кызматташтык биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн өнүгөт деп ишенем деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин Талант Мамытовго бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми кыргызстандыктарга тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости