www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 24-июнуна караган түнү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы токой тилкесинде мыйзамсыз кум казуу фактысы аныкталды.
Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору түнкү рейд учурунда мыйзамсыз казылган кумду ташып бара жаткан үч «Howo» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны токтотушкан.
Аталган унаалар айып короого киргизилип, материалдар ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди.
Окуя Маалыматтарды каттоо журналына катталды.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, мыйзам бузгандар кум казып алып, пайда болгон карьерлерди курулуш таштандылары менен толтуруп, үстүн жука кум катмары менен жаап, мыйзамсыз аракеттерин жашырууга аракет кылышкан.
Учурда келтирилген экологиялык зыяндын көлөмү такталууда жана тиешелүү эсептөөлөр жүргүзүлүүдө.