www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
24-сентябрда катуу жааган жаандын кесепетинен Ысык-Көл районунун Бостери айылында Кызыл-Чап сел өтүүчү каналдан суу ташып, эки турак үйдүн короосун суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жерине 8 куткаруучу, мэриядан 9 кызматкер жана атайын унаалар тартылып, суунун нугу бурулуп, суу каптоо коркунучу жоюлган.
Ошондой эле эки турак үйдүн короолоруна кирген суу тазаланган.
Белгилей кетсек, аталган Кызыл-Чап каналы Чолпон-Ата шаардык мэриясынын карамагында турат. Буга чейин каналындын нугун кеңейтүү максатында курулуш иши жүрүп жаткан.