www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдүн Бостери айылынын жээгинде 30 жаштагы чет элдик жаран каза болду. Бул тууралуу аймактык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Алдын ала маалыматка ылайык, 15-июль күнү кечинде төрт чет элдик жаран пансионаттардын биринен гидроскутер ижарага алышкан. Алар жээктен болжол менен бир чакырым алыстыкта сүзүп жүрүшкөн.
30 жаштагы эркек башкарган гидроскутер досу башкарган башка гидроскутер менен кагышкан. Ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерде көз жумган.
Бул факт каттоого алынып, сотко чейинки текшерүү башталды. Соттук-медициналык жана транспорттук экспертизалар дайындалды.