www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бостериде жаш кыз зордукталды

Бишкек шаарынын тургуну Ысык-Көл районунун Бостери айылында зордуктоо фактысы боюнча милицияга арыз менен кайрылды.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына ылайык, 22 жаштагы кыз 21-июль күнү саат 23:30дан 00:30га чейинки убакыт аралыгында Бишкек шаарынын 1995-жылы туулган тургуну көл жээгинде тигилген чатырда анын эркине каршы жыныстык катнашка барганын билдирген.

Арыз ээсинен көрсөтмө алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Арызда көрсөтүлгөн жаран аныкталып, сурак берүү үчүн ички иштер органдарына жеткирилген.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо, далилдерди чогултуу жана тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алуу боюнча текшерүү иш-чаралары улантылууда.

Последние новости