www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр август айында Ысык-Көлдүн Бостери айылында киши колдуу болгон Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча 4 айыпталуучуга өкүм чыкты. Бул тууралуу облустук соттон билдиришти.

Иш Ысык-Көл райондук сотунда каралып, өкүм 5-апрелде чыккан. Бул иш боюнча айыпталуучу болгон Б.Б., Ж.Р., А.У. жана Э.А. аттуу жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5, 15-пунктары (бейбаштык максатта адамдардын тобу тарабынан жасалган киши өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, ар бири 15 жылга эркинен ажыратылган. Жаза өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 12-августунан (бирөөсүнүкү 13-августтан) тарта эсептелет.

Ошондой эле айыпталуучулар жабырлануучу тарапка 180 миң сом материалдык зыян, андан тышкары ар бири 250 миң сомдон моралдык зыян төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Айыпталуучулар

Эскерте кетсек, Бекбол Аманкулов 2023-жылы 6-августка караган түнү каза болгон. Ал ур-токмоктон көз жумган. Бирок алгач бул ишти жаап коюу аракети көрүлгөн. Бирок бул окуя коомчулукта резонанс жараткандан кийин гана кылмыштын бети ачылган.

14-августта ИИМ Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектелип 4 адам кармалганын кабарлаган.

Ошондой эле Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча кылмышты жаап-жашырууга шектелип ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 3 кызматкери, андан соң дагы 2 кызматкери кармалып, камака алынган.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости