www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" болуп, медицина тармагынын боткосун чыгарып жатат. Көптөгөн врачтар кадимкидей тажап, иштегилери келбей калганы айтылууда.
Мына айталы, Жүрөк кан тамыр жана органдарды трансплантациялоо борборунун башкы дарыгери, мыкты жетекчи, тажрыйбалуу хирург Самидин Шабыралиевди иштен алып, башканы дайындап салгандан бери, аталган борбордун кызматкерлери нааразы. Жаңы жетекчи менен иштеше албай тургандыктарын айтышып, иш солгундап, эки жүздөн ашык ата-эне жүрөк кемтиги менен төрөлгөн ымыркайларына операция жасатуу үчүн кезек күтүп жүрүшөт.
Өкүнүчтүүсү, мыкты адистерди куугунтукка алып, өз адамдарын жетекчи кылып дайындап жаткан министр Алымкадыр Бейшеналиев "кадрлар жетишсиз" деп "дөөрүп" отурат. Эң мыкты врачтарды куугунтуктап кетирип жаткан өзү. Мунун ызы-чуусунан чарчап көпчүлүк дарыгерлер чет өлкөгө, жеке клиникаларга кетип жатышат. Анан кантип кадр жетиштүү болот?
Медицина тармагындагы мындай "өз колун өзү кесип" колум жок дегендей алешемдик мамилеге жогору жактагы бийлик төбөлдөрү көңүл буруп, чара көрүшү милдет.
Тилекке каршы, Алымкадыр Бейшеналиевдин кыгына куурай сая албай, эч кимдин тиши өтпөй калган окшойт. Жада калса, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ишти көрүп-билип туруп чара көрө албай жатат.
Булак: NazarNews.kg