www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык кылмыш сотунда стажировкадан өтүү үчүн 2022-жылдын 31-мартында Виктор Муллер Феррейра Бразилиядан Нидерландияга барганда аэропорттон колго түшөт. Ал өзү айткандай бразилиялык эмес экени тез эле ачыкка чыкты.

Нидерланд улуттук коопсуздук кызматы (AIVD) ал киши 36 жаштагы орус жараны Сергей Владимирович Черкасов экенин аныктап, анын Орусиянын аскердик чалгын кызматы ГРУнун тыңчылык кылган кызматкери деп айыптап, кайра эле Бразилияга биринчи рейс менен жөнөтүп салган. Бразилияда аны тез эле камакка алышкан.

Учурда ал жасалма документтерди колдонгону үчүн Бразилияда беш жылдык абак мөнөтүн өтөөдө.
Бразилиянын полициясы жана АКШнын Федералдык чалгындоо бюросу (FBI) кармалган киши орус тыңчысы экенин аныкташкан. FBI билдиришкендей, ал өзүн бразилиялык кылып көрсөтүп, АКШда маалымат чогулткан. Черкасов орусиялык экенин мойнуна алып, бирок тыңчы экенин четке каккан.
Учурда ал Москванын дипломатиялык аракеттеринен жана экстрадициялоо өтүнүчүнөн кийин эми ал жакын арада Орусияга өткөрүлүп берилмей болуп турат.

Бразилиянын тергөөчүлөрү жана прокурорлору билдиргендей, Черкасов ал жакка 2010-жылы барып, башка мамлекеттерде чет элдик чалгын кызматтарынын көңүлүн бурбаш үчүн Бразилиянын паспортун пайдаланган.

Последние новости