www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Турсунбек мырза, БРИКСтин XVI саммитине Борбор Азиядагы конгресстин атынан катышып жатасыз. Саммит кандай өтүүдө? Мүчө мамлекеттердин баары келдиби? Ал уюмга мүчө болууну каалаган мамлекеттер да бар бекен? 

— Казань шаарына үч күн мурун келгем. БРИКСтин XVI саммити кечээ өз ишин баштады. Укмуштуудай даярдык көрүлүп, журналисттер үчүн болгон шарттын баары түзүлүптүр. Коопсуздук дагы жогорку деңгээлде, пресс борборго келгенче 10 чакты жерден текшерүүдөн өттүк. Делегациялар ар башка өлкөдөн келе башташты. 7-8 өлкө кечээ учуп келди. Бүгүн да келип жатышат. Журналисттер бүт дүйнөдөн келген.

БРИКСке азырынча тогуз өлкө толук кандуу мүчө экен. Дагы 30дан ашык мамлекет БРИКСке кирүүгө өздөрүнүн каалоосун билдирүүдө. Азырынча чакан курам менен жабык эшик артында сүйлөшүүлөр болуп жатат. Чоң курам менен сүйлөшүүлөр болгондо БРИКСке кирүүнү каалаган мамлекеттердин баары катышат.

— Кайсыл мамлекеттер БРИКСке мүчө болууну каалап жатышат?

— Азербайжан, Алжир, Беларусь, Бахрейн, Бангладеш, Марокко, Индонезия, Кувейт, Куба, Морокко, Синегал, Сирия, Тайланд, Пакистан, Уганда, Түркия, Шри-Ланка, Түштүк Судан жана башка мамлекеттер. Эгер БРИКС уюму курамына кирүүнү каалагандардын барын кошуп алса, анда 30дан ашык мамлекет БРИКСтин толук кандуу мүчөсү болуп калат. 

— БРИКСтин башкы максаты дүйнөлүк башкаруунунун багытын өзгөртүүбү?

— Ошондой десек дагы болот. Мурда дүйнө бир багыттуу эле башкаруу болчу. Америка Батыш мамлекеттери менен биригип, өзүнүн гана таасирин гана кеңейтүүнү көздөчү. Тагыраагы, Америка башка өлкөлөргө диктатордук кылып, каалаган өлкөлөрүндө башаламандык жасап, өзүнүн шарттарын таңуулачу. Көп мамлекеттер БРИКСке кирсе, бир полярдуу эмес, көп полярдуу дүйнө пайда болот. Азыр Американын үстөмдүгүнөн анын шантажынан тажаган мамлекеттердин баары БРИКСке биригип, тең ата укукка ээ болууну каалап жатышат. 

— БРИКС өз максатына жетеби?

— Азыр алдын ала бир нерсе деп айтыш кыйын. Азыр чакан курамда жолугушуу башталды. Россиянын президенти В. Путин дүйнөнүн ири лидерлери менен жолугушуп, салтанаттуу чогулушту баштады. Саммиттин кеңейтилген курамында дагы 30дан ашык мамлекеттер катышат. Буюрса, бир багыттуу дүйнө жоголуп, көп багыттуу дүйнө келгени жатат. 

— Ошондо көп мамлекеттер Америкага анча ишеним артпай калдыбы?

— Американын жана Бириккен улуттар уюмуна жана чыгыш мамлекеттерине ишеним анча болбой калган. Себеби, Бириккен улуттар уюму чыгарган чечимдердин көбү таасири жок болуп, ишке ашкан жок. Американын басымы, таасиринен тажаган мамлекеттер тең укукка ээ болуу максатында, БРИКСке мүчө болууну каалап жатышат. Себеби, Америка менен Англия эмне деп айтса, ошонун баарын жасашты. Айрым эл аралык уюмдар Американын, Англиянын, Батыштын айтканын гана кылышты. Ошон үчүн Түштүк чыгыш жана Азия мамлекеттери биригип, Батыш мамлекеттерине карата нааразычылыгын билдирип, бардык нерсенин чеги болорун айтышууда. 

Россия, Кытай, Индия баштап өзүнчө уюм түзүп, өз ара шериктеш болуп, ынтымакта бололу. Ар бир мамлекет өз укугуна ээ болуп, эч ким бири-бирине көз карашын таңуулабасын, бир мамлекет экинчи мамлекетти башкарбайт деген принциптерди коюп жатышат.

— Президент Садыр Жапаров бардыбы?

— Буюрса, ооба.

— В.Путиндин маанайы кандай?

— Абдан жакшы.

— Маегиңизге чоң рахмат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости