www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы жаңжалды чечүү дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу ишке ашат. Бул тууралуу Пентагондун башчысы Ллойд Остин билдирди.

«Эгерде менин оюма кызыккыңыз келсе, бул жаңжал акыры сүйлөшүүлөр менен аяктайт" - деди ал. 

АКШнын Коргоо министрлигинин башчысынын айтымында, Вашингтон Киевди колдоону улантат. Остин кошумчалагандай, украин бийлиги жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүчү убакытты тандайт.

Ошондой эле Беларустун башчысы Александр Лукашенко согуш 2024-жылы бүтөөрүнө ишенбей турганын билдирди. Лукашенконун айтымында, жаңжал 2025-жылы деле бүтпөйт.

Эске сала кетсек, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жеңиш планына ылайык, согуш 2025-жылы аякташы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости