www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БРИКС өлкөлөрү Газа тилкесинде кеңири жана туруктуу ок атышпоонун тез арада башталышын талап кылып, гуманитардык жардам иштерине бөгөт болгон Израилдин кол салууларын айыпташты. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

БРИКС өлкөлөрү Орусияга караштуу Татарстандын борбор шаары Казанда өткөрүлгөн Лидерлер саммитинен кийин "Казан декларациясын" жарыялады.

Декларацияда мүчө өлкөлөрдүн саясат, коопсуздук, экономика жана маданият тармактарында кызматташтыкты бекемдөө чечими баса белгиленди.

Декларацияда өзгөчө Газа маселесине кеңири орун берилди. БРИКС өлкөлөрү Израилдин Газадагы жарандардын өлүмүнө алып келген кол салууларын жана гуманитардык жардам иштерине тоскоолдук кылуусун катуу айыпташты.

Газа тилкесинде дароо кеңири жана туруктуу ок атышпоону жарыялоо, бардык туткундарды шартсыз бошотуу жана аймакка үзгүлтүксүз гуманитардык жардам жеткирүү чакырыгы салынды.

Декларациянын акыркы бөлүгүндө кагылышуулардын Ливанга жайылышы боюнча тынчсыздануулар билдирилип, Израилдин Ливандагы жарандык конуштарга кол салуулары айыпталды жана душмандык аракеттердин дароо токтотулушу талап кылынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости