www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, иш сапары менен Казань шаарына (Татарстан Республикасы) өтүп жаткан XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышууда.

Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен расмий жолугушуу аземине катышуу үчүн “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна келди.  Садыр Жапаровдун сүрөттөрүн Азербайжандын президенти Илхом Алиевдин Facebook баракчасына жарыялады.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, иш сапары менен Казань шаарына барды. 

Президент Садыр Жапаровду Татарстан Республикасынын Раиси - Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин делегация башчылары бейформал шартта жолугушууга катышуу үчүн залга өтүштү. Ошондой эле иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости