www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британ парламентарийлеринин делегациясынын Тайванга болгон иш сапары Кытай менен кырдаалдын курчушуна коркунуч туудурат. Бул тууралуу Sky News телеканалы билдирди.
Общиналар палатасынын тышкы иштер боюнча комитетинин төрагасы Алисия Кирнс визит комитеттин "эбактан бери артыкчылыктуу багыты болуп келгенин" билдирди.
Телеканалдын маалыматына ылайык, делегация аралда 3-декабрга чейин болот. Бул аралыкта британ саясатчылары Тайвандын президенти Цай Инь-Вэнь, ошондой эле бизнес жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушаары күтүлүүдө. Бул кадам Британия менен Кытайдын ортосундагы ансыз да чыңалган мамилелердин фонунда Пекиндин кыжырын келтириши мүмкүн экени белгиленген.
Телеканал ошондой эле мурда Британиянын премьер-министри Риши Сунак британ-кытай мамилелеринин "алтын доору" аяктаганын жарыялаганын эске салды. Ал белгилегендей, КЭР Улуу Британиянын экономикалык коопсуздугуна эң чоң мамлекеттик коркунуч туудурат.
Буга чейин Тайвань кысыгындагы чыр-чатактын жаңы күчөшү АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин аралга сапарынын фонунда болгон. Бээжин америкалык саясатчынын аралга сапарын бир Кытайдын принцибине көңүл бурбоо катары баалады. Кийинчерээк Тайбэйге КНРдин билдируулеруне карама-каршы, дагы уч америкалык делегация келди.
Булак: NazarNews.kg