www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британ ханышасы Елизавета Экинчи Лорддор палатасында салтка айланган сөзүн сүйлөдү. Парламенттин бул жолку сессиясы ханышанын күйөөсү, ханзаада Филипп каза болгондон бир айдан соң ачылууда. Ошого байланыштуу бир топ жупуну өттү. Елизавета Экинчи парламенттеги сөзүндө ханышалык таажыны кийген жок. Таажы атайын жаздыкчанын үстүндө ханышанын жанына коюлду.
Елизавета Экинчи Вестминстр сарайына уулу, ханзаада Чарльздын коштоосунда машине менен келди. Адатта монарх бул сарайга атайын ат араба менен келчү. Ошондой эле ханзааданы бул жолу ардактуу караул тосуп алган жок.
Коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам Лорддор палатасынын айрым гана мүчөлөрү имаратка киргизилди. Алар алдын-ала тест тапшырып, беткапчан отурду.
Өз сөзүндө Елизавета Экинчи премьер-министр Борис Жонсондун өкмөтүнүн программасын окуп берди. Анда пандемиядан көп жабыр тарткан британ экономикасын калыбына келтирүүгө басым жасалары айтылган.
Булак: NazarNews.kg