www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Чарлз Гаррет Баткендеги кандуу окуяларга байланыштуу Кыргызстанга көңүл айтты.
Ал "Твиттердеги" баракчасына жазган катында Британиянын ханышасы менен өкмөтүнүн атынан чек арада каза тапкандардан улам кыргыз элинин аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.
Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда жараат алгандардын саны 173 кишиге жетти. 34 киши каза тапты. 20-миңдей адам үй-жайын таштап, чыгып кетүүгө аргасыз болду. Кыргызстанда 1-2-май каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Булак: NazarNews.kg