www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиянын премьер-министри Кир Стармер Дональд Трамптын Ооганстандагы НАТО күчтөрү тууралуу айткандарын кескин сынга алды. Анын айтымында, бул билдирүүлөр британ аскерлеринин курмандыгына болгон сый-урматты кемсинтет.

Fox News телеканалына берген маегинде Дональд Трамп НАТОго мүчө өлкөлөр Ооганстандагы согуштун алдыңкы катарында болуудан качканын айткан. Анын сөзүнө караганда, АКШ альянска эч качан муктаж болгон эмес.

- Биз эч качан НАТОго муктаж болгон эмеспиз. Биз алардан эч нерсе сураган эмеспиз. Алар Ооганстанга аскер жиберишкенин бетке кармашы мүмкүн, бирок алар согуш жүрүп жаткан сызыктан алыс, оорукта болушкан, – деди Трамп.

Бул сөздөр Британияда саясатчылардын катуу нааразычылыгын жаратты. Даунинг-стриттен жасаган видео кайрылуусунда премьер-министр Кир Стармер Ооганстанда курман болгон британ аскерлерине таазим кылды.

- Ооганстанда 457 жоокерибиз курман болду. Көптөрү оор жаракат алып, өмүрү түп-тамырынан өзгөрдү. Ошондуктан президент Трамптын сөздөрү кемсинтерлик жана ачык айтканда, кыжырды келтирерлик, – деди Стармер.

Анын айтымында, Трамптын билдирүүсү курман болгондордун жана жарадар болгондордун үй-бүлөлөрүнө өтө оор тийди.

АКШ лидеринин кечирим суроосу керекпи деген суроого Стармер:

- Эгерде мен ушундай сөздөрдү айтып жаңылсам, сөзсүз кечирим сурамакмын», – деп жооп берди.

Последние новости