www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия энергиясынын импорту дагы кыскарса миллиондогон британиялыктардын үйүндө электр жарыгы өчүрүлүп, газ тартыш боло баштайт. Бул тууралуу The Times басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.

Британия бийлиги "эң кооптуу сценарийге" даярданып жатканы айтылууда. Бул сценарий боюнча алты миллион үй электр энергиясын чектөөгө дуушар болот.

"Электр жарыгын өчүрүүлөр иш күндөрү, эң көп колдонулган учурда, тагыраагы, эртең мененки саат 7:00дөн 10:00гө чейин, ал эми кечинде саат 16:00дөн 21:00гө чейин болот. Мындай чара жакынкы жылдарда энергияга болгон баанын өсүшүнө жана ИДПнын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн", — деп айтылат макалада.

Мындан тышкары, газды өнөр жайда жана электр станцияларында колдонууга чектөөлөр киргизилет.

Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялык кысымын күчөттү. Биринчи кезекте Европа Орусиянын энергия булактарынан баш тартууну көздөп жатат.

Москва бул кадамдарды экономикалык согуш деп атап, мындай сценарийге даяр экенин белгиледи. Ошол эле маалда Батышта чектөөлөр күйүүчү майдын жана азык-түлүктүн баасынын болуп көрбөгөндөй өсүшүнө түрткү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости