www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британияда жаңы инфекция пайда болду

Улуу Британияда адамдарга көп санда жайылып жаткан жаңы мутанттык вирус табылды. Бул тууралуу британиялык "The Sun" басылмасы жазып чыкты.

Белгиленгендей, вирус адамдарга массалык түрдө жугуп, симптомсуз тарайт. Кеп кургак учуктун жаңы түрү жөнүндө болуп жатат, ал асимптоматикалык түрдө, башкача айтканда, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, күлгөндө эмес, оорулуу адамдын жанында дем алганда жугат.

The Lancet Infectious Diseases журналында жарыяланган соңку изилдөөдө Африка менен Азиянын 12 өлкөсүндөгү 600 000ден ашуун адам, алардын айрымдары кургак учук менен ооруган маалыматтар талданган. Бул оору менен ооругандардын 82,8%ы тынымсыз жөтөлүп турганы, ал эми 62,5%ы такыр жөтөлбөгөнү аныкталган.

Маалыматка ылайык, дарыгерлер жашыруун кургак учуктун дартын тез арада аныктоо жана анын өнүгүшүн алдын алууну үйрөнүү үчүн ар кайсы мамлекеттердеги кесиптештеринен жардам сурап жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости