www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британиянын премьер-министри Лиз Трасс жаңы кызматына киришкен алгачкы жумаларда ката кетиргенин мойнуна алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-октябрда Би-Би-Сиге берген маегинде билдирди.
«Мен жоопкерчиликти мойнума алып, кетирген каталарым үчүн кечирим сурагым келет. Мен адамдарга энергетикалык төлөмдөрдү, жогорку салыктар көйгөйүн чечүүгө жардам бергим келди, бирок биз өтө эле алыс жана өтө тез кеттик, мен муну моюнга алдым», - деди Трасс.
Ал кара ниет адамдардын тиешелүү чакырыктарынын фонунда кызматтан кетүүгө ниети жок экенин кошумчалап, өз катасын айтуу кайраттуулук чынчыл саясатчынын сапаты экенин баса белгиледи.
«Мен аракет калып жатам, анткени мен бул өлкөдө иштөө үчүн тандалганмын жана мен ошону жасайм. Мен кийинки жалпы шайлоодо Консервативдик партиянын башында болом жана мен жасагандай өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштебегеним таптакыр жоопкерсиздик болуп калат», - деп кошумчалады премьер-министр.
Эске салсак, 16-октябрда Inews агенттиги британ парламентинин 100дөй мүчөсү Консервативдик партиянын жетектөөчү комитетинин төрагасы Грэм Брэдиге кат жазып, Трасска ишеним көрсөтпөө өтүнүчү менен кайрылышканын кабарлады.
Ага чейин 14-октябрда Орусиянын Илимдер академиясынын Европа институтунун Британ таануу борборунун жетекчиси Елена Ананьева Трасстын саясаты Консервативдик партияга «популярдуулук кошпойт» деп билдирген. Ошондой эле, көптөгөн британиялыктар буга нааразы.
3-октябрда Великобританиянын 1922-жылдагы парламенттик комитетине (катардагы консервативдүү депутаттардын ассоциациясы) Трасска ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө чакырган кат берилген. Бул демилге өкмөттүн өлкөнүн экономикасын колдоо боюнча жаңы планына байланыштуу.
Трасс сентябрда анын салык саясаты падышачылыктагы экономикалык туруксуздукка алып келиши мүмкүн экенин мойнуна алган. Анын айтымында, бул демилге бардык эле жарандарга жакпайт, бирок өкмөттүн так планы бар, аны премьер-министр өлкө үчүн туура деп эсептейт.
Улуу Британиянын тышкы иштер министри болуп иштеген Трасс 5-сентябрда премьер-министр жана консервативдик партиянын башчысы болуп шайланды. Премьер-министр катары биринчи сөзүндө ал электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшүнө каршы күрөшүү чараларын жарыялоого убада берип, саламаттыкты сактоо тармагындагы реформаларды жарыялады.
Булак: NazarNews.kg