www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын 14-апрелинде Кыргызстандын Бельгиядагы элчилиги Бенилюкс өлкөлөрү үчүн Кыргызстандын туристтик потенциалын «Кыргызстан – сиздин эс алууңуз үчүн жер» аттуу урааны аркылуу тартууланды.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чара эки жылдык кеңири жайылган карантинден кийин Кыргызстанда 2022-жылкы жайкы туристтик сезондун ачылышына карата уюштурулду.

Бенилюкс өлкөлөрүнүн туристтик компанияларына жана операторлоруна, ошондой эле, туризм жана саякатка адистешкен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө элчиликке Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти тарабынан берилген видео жана фото материалдар, маалымат жана статистика берилди.

Презентациянын жүрүшүндө 2021-жылы Кыргызстанга «Пекин экспресс – Бүркүттүн өлкөлөрүндө» аттуу туризм тууралуу окуялуу реалити-шоусун тартуу үчүн келген «Eccholine» (Бельгия) Эл аралык продюсердик компаниясынын өкүлдөрү да сөз сүйлөштү. Телеберүүнүн өкүлдөрү өздөрүнүн тасмасы, саякаты жана Кыргызстандын жаратылышы тууралуу айтып, туроператорлорду кызыктырган суроолорго ишенимдүү форматта жооп беришти.

Кыргызстандын жаратылышынын өзгөчөлүгү тууралуу уюштурулган фотокөргөзмө кыргыз фольклордук күүлөрү жана улуттук тамактары менен коштолуп, презентациянын катышуучуларын улуттук колориттин атмосферасына, кыргыз көчмөндөрүнүн маданиятына жана жашоосуна чөмүлүүгө мүмкүндүк алышты.

Кыргызстандын Бельгиядагы элчилигинин чет элдик жана ата мекендик туристтик компаниялар жана туроператорлор, ошондой эле маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен ар тараптуу кызматташтыгы европалык саякатчылар жана туристтер арасында Кыргызстандын туристтик потенциалын жайылтууга көмөк көрсөтөт.

Эске салсак, 2022-жылдын 10-февралынан баштап Бельгиянын Club RTL телеканалы ар жума күнү «Пекин экспресс — Бүркүттүн өлкөлөрүндө» телешоусун көрсөтөт. Шоу француздук M6 телеканалында да көрсөтүлөт. Телеберүүнүн рейтингине ылайык, ар бир эпизодду Францияда 2,3 миллиондон ашык, Бельгияда 120 миңге жакын көрүүчү көргөн. Учурда уюштуруучулар бул телешоуну Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнүн телеканалдарынан коммерциялык негизде көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнүн үстүндө иштеп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости