www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январда, өз жыйынында Кемин, Панфилов, Кант жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. 

- Кемин районунун Кичи-Кемин айылдык кеңешинин депутаты Мурсалиев Акылбек Рыскельдиевичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду; 

- Кемин шаардык кеңешинин депутаты Алымбеков Манай Алымбековичтин (“Адилет” саясий партиясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шейшеналиев Мирбек Кылычбековичке (“Адилет” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

- Панфилов районунун Орто-Кайыңды айылдык кеңешинин депутаты Джумабаева Гульчахра Муслумбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду; 

- Кант шаардык кеңешинин депутаты Алаков Чынгыз Качкынбековичтин (“Ынтымак” саясий партиясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Турганалиев Ренат Нурбековичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

- Ноокат районунун Кулатов айылдык кеңешинин депутаты Жоробеков Нурбек Абдуназаровичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сатыбалдыева Мактымай Адилбековнага өткөрүлүп берилди.

 

Последние новости