www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК: Бюллетендерди кол менен саноо аяктады

Шайлоо участкаларындагы добуштарды кол менен саноо аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Учурда бардык тийиштүү шайлоо документтери (протоколдор, идентификациялоо чегинин жана АЭУнун чегинин көчүрмөсү, бюллетендер ж.б.) тийиштүү округдук шайлоо комиссияларына берилди.

Округдук шайлоо комиссиясы округдун аймагындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын округдун аймагындагы участкалардын протоколдорунун маалыматтарын кошуу аркылуу чыгарат.

Округдук шайлоо комиссиясындагы тутумдук администратор ар бир участок боюнча протоколдогу маалыматтарды маалыматтык шайлоо тутумуна кол менен киргизет:

- бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 1 протоколдун маалыматы;

- бирдиктүү шайлоо округу боюнча 1 протоколдун жана ар бир саясий партия боюнча жана тизмедеги талапкерлердин ар бири боюнча добуштардын тиркемесинин маалыматы.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча протоколдордун маалыматын маалыматтык шайлоо тутумуна киргизүү аяктады жана маалыматтык шайлоо тутумунун сайтына жайгаштырылды.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча маалыматтарды киргизүү бир аз көбүрөөк убакытты талап кылат.

Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун кабыл алууда округдук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү текшерет:

- кол менен эсептөө протоколдорунун туура толтурулгандыгын;

- добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколго киргизилген жана ага тиркелген документтердеги (идентификациялоонун биринчи жана АЭУнун чектеринин болуусу) маалыматтардын текшерилүүчү катышын.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун туура толтурулгандыгын алдын ала текшергенден кийин, округдук шайлоо комиссиясы жыйынтыктоочу таблица жана протокол түзөт, мында УШКлардын саны, алардын негизинде түзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол, шондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун суммалык маалыматы камтылган.

Участкалык шайлоо комиссияларынан кабыл алынган шайлоо документтеринин жыйынтыгы боюнча округдук шайлоо комиссиясы жыйынтыктоочу чогулуш өткөрөт, мында комиссияга келип түшкөн добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөн жактагы шайлоо комиссияларында протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар (арыздар) каралат, шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу чогулушунун протоколу түзүлөт жана ага кол коюлат.

Округдук шайлоо комиссиясынын чечими БШКда 3 күндүк мөөнөттө, ал эми БШКнын чечими – сотто каралат.

Шайлоонун жыйынтыгын аныктоо

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде БШК ар бир конкреттүү округдагы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу чечимин кабыл алат, б.а. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин округда шайланган депутаттарын акныктайт.

Партиялык тизме боюнча бирдиктүү шайлоо округу боюнча БШК республиканын бүткүл аймагындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протокол түзөт, андан соӊ бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын аныктайт. Өзүнүн протоколунда БШК канча саясий партия босогодон өткөнүн, ар бир партиядан кимдер шайлангандыгын аныктайт.

БШК 2021-жылдын 18-декабрынан кечиктирбестен шайлоонун жыйынтыгын аныктайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости