www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир катар добушканаларда президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдумдун жыйынтыгы жараксыз деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, жараксыз деп: Ош шаарындагы №5901, Кара-Суу районундагы №5584, Нарын шаарындагы №4064, Кадамжай районундагы №8113 добушканалардагы референдумдун, Араван районундагы №5493, Лейлектеги №8004, Кадамжайдагы №8116 тилкелерде президенттик шайлоонун жана референдумдун, Нарындагы №4037 добушканасында президенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды.
Мындай чечимге добуш берүү, добуштарды саноо, жыйынтык чыгаруу убагындагы эреже бузуулар себеп экени айтылды.
Баштапкы жыйынтыкка караганда, 10-январда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан 17 талапкердин ичинен Садыр Жапаров жараянга катышкандардын 79% ашык добушун алды.
Адахан Мадумаров, Курсан Асанов өңдүү бир катар талапкерлер добуш берүүнүн жыйынтыгына макул эмес экенин билдиришкен. Бир катар талапкерлер шайлоонун жыйынтыгын укуктук негизде талаша турганын, дагы бир бөлүгү Жапаровдун жеңишин тааный турганын жарыялашты.
Белгилей кетсек, бул ирет шайлоо менен референдумга шайлоочулардын 39% ашыгы гана катышты.
Баштапкы жыйынтыкка ылайык, референдумда шайлоого келгендердин 80% ашыгы президенттик башкаруу ыкмасын колдоду.
Президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер Боршайком шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң кызматка кирише алат.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова расмий жыйынтык добуштар кол менен саналып, бардык арыздар жана талаштуу маселелер сотто каралып бүткөндөн кийин, бир ай аралыгында чыгарыларын маалымдаган. Бардык бюллетендер 17-январга карата эсептелип бүттү.
Булак: NazarNews.kg