www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК Дастан Бекешевди шайлоодон четтеттиби?

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан бара жаткан Дастан Бекешевдин талапкерлиги боюнча чечим кабыл алды.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү Бекешев Жазык кодексинин 194-беренесинде каралган "Шайлоону же референдумдарды өткөрүүдө каражатты мыйзамсыз пайдалануу" боюнча шайлоо мыйзамын бузганын, 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр талапкердин үгүт иштерин жүргүзгөнүн айтып чыккан.  Бекешев мындай айыптоолорду четке каккан.

Жыйындын соңунда БШК мүчөлөрү үч пунктудан турган токтом кабыл алышкан. Алар:

  • УКМКнын маалыматын эске алуу;
  • Жоруктар кодексинин  44-беренеси ("Үгүт иштерин жүргүзүүнүн шарттарын бузуу") боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн жоопкерчилигин кароо;
  • Талапкерге штабында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости