www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК эмне үчүн депутаттыкка талапкерге эскертүү берди?

БШК бул шайлоодо өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтө баштады.Спикер Дастан Жумабековдун аппаратын жетектеген Самат Ибраев деген  бар. Бул талапкер бул ирет бир партияга батпай Жети-Өгүз округунан депутаттыкка көрсөткөн.Самат Ибраев «Манас» эпосуна таянып өзүн-өзү үгүттөө иштерин жүргүзөнүн БШК аныктады. Мыйзамдын 22 беренесинин 13 бөлүгүнүн 2 пунктунда концерт жана башка театралдык берүүлөрдө депутаттыкка талапкер өзүн үгүттөө үчүн тыюу салынган. Муну жакшы билген Самат Ибраев мыйзамга кол шилтеп өзүн «Манаска» таяп үгүт иштерин жүргүзө баштаган. Муну туура түшүнгөн БШК Самат Ибраевдин мойнуна мыйзам боюнча айып пул салды.  Былтыр башаламандыктын убагында депутат болгон Самат Ибраев Улуттук Банк боюнча орусиялык бизнесмендин кызыкчылыгы үчүн бийликти бул ишке кошуп кеп кезегин баштаган. Бирок, президенттин пресс-катчысы анын айткандарынын туура эместигин белгилеп үн каткан.

Самат Ибраев Жумаьбековдун учурунда парламенттин аппаратын жетектеген. «Франкфурт-на-Майнеге» тили келбеген Жумабеков толгондон Ибраевди тандап алып, тили биротоло тантыган. Жумабеков эми да жөн жүрбөй Фролов деген аферистти пайдаланып банктарга кол салмакчы болгон. 2020-жылдын 4-октябрында  анын шылуундугун тастыктап көптөгөн адамдар Ак үй алдында митингге чыгышкан. Баса, Ибраевдин баласы тууралуу. 2020-жылдын сентябрынын башында шаардык ички иштер башкы башкармалыгына бир нече курулуш фирмалар кайрылып, Самат Ибраев ири суммадагы акча алгандыгын айтышкан. Милициянын маалыматына караганда, "Строймир" ЖЧКсынын башкы директору 2018-жылдын декабрынан 2019-жылга чейин курулуш арматураларын алып келип берүүнү убада кылып, жети жабырлануучудан алдап акча алган. Жалпы чыгымдын суммасы 507 миллион 352 миң 49 сомду түзгөн. Бардык эпизоддор боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде ("Алдамчылык. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар") сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Самат Ибраев анын барысын баласына шылтоолоп койгон. 2019-жылдын 24-декабрында Ибраевге алдамчылык боюнча жети фактынын негизинде шектелип жатканы сыртынан кабарланган. Сот аны камоо боюнча чечимди да сыртынан кабыл алган. 26-декабрда ошол эле шектүү мамлекет, анын ичинен Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Ал эми 2020-жылдын февраль айында Ибраевди Болгариянын бийлиги София шаарында кармаганы кабарланган. Экстрадиция боюнча маселени чечүү үчүн материалдар Башкы прокуратурага берилген. Бирок эмгиче үн сөз жок.

Аферистигин анын ордуна уулу запкы жеп жатканын унутуп Самат Ибраев сунуштаган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" жана "Банкттар жөнүндө" мыйзам долбоору Кыргызстанда Финансылык технологиялар же кыскартып айтканда Финтех аттуу түшүнүктү киргизүүнү карайт. Бул системалар мыйзамдаштырылса, фирмалар же жеке адамдар кайсы бир тиркемелер аркылуу банктын катышуусуз акча жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк алат. Жарандарга эсеп ачып, аны тейлейт, насыя бере алат. Финтехтер кадимки банктар сыяктуу кеңсе ачууга, кампа курууга милдеттүү эмес болот. Накта коррупцияга жол ачылат. Анткени алар банкты да уруп койбой өз алдынча канча эсептешет ким билет.

Бул мыйзамды коргоо боюнча жыйындарга орусиялык аферист Владимир Фролов аттуу жаран да катышып жаткан. Акыркы жолу, парламенттин имаратында өткөн коомдук угууга ал видео аркылуу онлайн катышып, ойлорун айткан. Ибраевдин айтымында, Фролов тууралуу аларда толук маалымат бар. «Карга карганын көзүн чукубагандай» «аферист аферисттин көзүн» чукубайт. Сингапурда бир нече жыл жашап, өзүнүн компаниясы бар экенин жана бир топ ийгилик жаратканын да айтты. Ошол сөздү айтып жатып Ибраев президентти да аралаштырып кеткен. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраевдин жергиликтүү программалардын биринде сүйлөгөн сөзүнө комментарий берди. Берүү учурунда Ибраев өзү чакырган орусиялык эксперт Владимир Фролов президент Садыр Жапаров менен жолукканын айткан. Өз кезегинде президенттин маалымат катчысы депутатты президенттин атынан комментарий бербөөгө чакырды: «Биз айрым депутаттарды президенттин атынан комментарий берүүдөн карманууга чакырабыз. Бул үчүн мамлекет башчысынын басма сөз кызматы бар», - деди ал.

Депутат Мирлан Жээнчороев да “эл аралык шылуундарды пайдаланган саясий топ Улуттук банкка “кара пиар” жасап жатат»-деп чыккан. Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев кесиптеши Мирлан Жээнчороевди соттошууга, болбосо жекеме-жеке чыгып эркекче сүйлөшүүгө чакырган. Анын аягы эмне менен бүттү? Натыйжада соттошууга да, мушташууга да барбаганы белгилүү болду

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости