www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК эки депутаттын дипломдору жасалма экенин тастыктап, БШКга расмий материалдар менен билдирген. Натыйжада, мыйзамдын талабына жараша мандаттарынан ажырашы керек. Алар “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан Фархат Исмаилов, “Альянстан” Фарходбек Алимжанов.

Булардын кыңыр иштери аныкталгандан кийин коомчулукта резонанс жаралган. Түшүнүксүз жагдай: бир айга жакын убакыттан бери БШК Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун мандаттарын эмнеге ажыратпай жатат? Калың эл күтүүдө.

Айтмакчы, жума башында президент Садыр Жапаров парламентке жогорку билимдүүлөр депутат болушу керектигин интервьюсунда билдирди. Мыйзам талабы, ырааттуулук ушундай.

А эмнеге БШК маселени создуктуруп атат? Же “соодалашуу” кызып кеттиби? Эрксизден баш чайкайсың да...

Булак: Азия News гезити

Последние новости