www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы 22-октябрдагы жыйынында шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузууга жол берилген учурларга байланыштуу маселени карады.

Ведомствонун маалыматына караганда, 30-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардын социалдык баракчаларындагы, айрым жеке жарандардын жарыялоолору жана билдирүүлөрү боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузууга жол берилген учурларга байланыштуу чечимдер кабыл алынды.

Натыйжада Жумушчу топтун чечимин эске алуу менен КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин жана КР Конституциялык мыйзамынын тиешелүү беренелерин жетекчиликке алып, төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алынды:

№14 шайлоо округу боюнча өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн Болотбек Дүйшеналиев 9 жана 12-октябрда өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы жеке баракчасына мурдагы саясий ишмердүүлүгү тууралуу билдирүүлөрдү жарыялап, саясий-мамлекеттик кызматтагы адамдардын ысымдарын атап, алдыдагы шайлоого жаңыча көз караш менен бара тургандыгын белгилеген. 12-октябрда Токтогул районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана айрым кызмат адамдары боюнча чара көрүү, жумуштан бошотуу зарылдыгы тууралуу билдирүү жасап, үгүт мүнөзүндөгү чакырыктарды каттоо мөөнөтү бүткөнгө чейин жайгаштырган. Бул аракеттери шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу катары бааланып, депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн Б. Дүйшеналиевге КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык 7 500 (жети миң беш жүз) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Баткен облусундагы Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин төрагасы Гулам Матажиев 20-октябрда Facebook социалдык тармагындагы Салтанат Митиеванын жеке баракчасы аркылуу жарыяланган видеодо №2 шайлоо округу боюнча талапкер катары көрсөтүлгөн Ырысбек Атажановду эл алдында колдоо көрсөтүүгө чакырган. Ал видеокайрылуу талапкерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин үгүт жүргүзүү катары бааланып, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин төрагасы Г.Матажиевге 7500 (жети миң беш жүз) сом айып пул салынды.

№25 шайлоо округу боюнча депутаттыкка өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн Төрөкан Жунусбеков 17-октябрда Facebook социалдык тармагындагы жеке баракчасына өзүнүн талапкерлигин көрсөткөндүгү тууралуу билдирүү жарыялап, анда жогорку саясий мамлекеттик кызмат адамдарынын аты-жөнүн коюп, “хадис” деп диний тематикага шилтеме жасап, мурдагы шайлоолордо колдонулган жасалма үгүт материалдарды жарыялаган. Ошол эле күнү саат 12:03тө парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга расмий арызын тапшырган. Үгүт мүнөзүндөгү билдирүү менен талапкер катары көрсөтүү күнү дал келгендиктен, бул аракет талапкерди каттоо мөөнөтү бүткөнгө чейин үгүт жүргүзүү катары бааланды. Натыйжада, №25 шайлоо округу боюнча өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн Т.Жунусбековго КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык 7 500 сом (жети миң беш жүз) өлчөмүндө айып пул салынды.

2025-жылдын 18-октябрында Талас УТРК “Аял ажары” программасы аркылуу №16 Талас шайлоо окуругунан депутаттыкка өз талапкерлигин көрсөткөн Медер Чотоновдун мурдагы кайрымдуулук иштери тууралуу оң мүнөздөгү видеотасманы кайталап чыгарган. Бул материал талапкерди жарнамалап, ачык колдоо катары бааланды. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Талас УТРКга юридикалык жак катары КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык 28 000 (жыйырма сегиз миң) сом өлчөмүндө айып пул салуу чечими кабыл алынды.

БШК бардык талапкерлерге, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине, массалык маалымат каражаттарына жана социалдык тармак колдонуучуларына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоону эскертет.

Үгүт иштери талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин гана жүргүзүлүүгө тийиш. Мыйзамды бузган ар бир учур тиешелүү тартипте каралып, жоопкерчилик чаралары колдонулат.

Последние новости