www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Жаңы Достук айылына тургундар отурукташууда. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоонун жыйынтыгында Баткен жана Лейлек райондорунун айрым аймактарынын Тажикстан менен алмашуунун натыйжасында Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын тургундарын көчүрүү үчүн Жаңы Достук айылына 181 турак үй курулган. Жаңыдан салынган турак үйлөрдө бардык шарттар каралган.

Учурда жол, бала бакча жана башка соцобъекттер, суу менен камсыздоо жана жашылдандыруу иштери жүрүүдө.

Аткарылган иштерди облус жетекчиси Айбек Шаменов жеринен көрдү.

Достук айылынын тургундарынын көчүп келүүсү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын техникалар бөлүнгөн.

Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, жаңы айылга Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарынын айрым тилкелеринин тургундары да жайгашат.

Ал эми Лейлек районунун аймагындагы айрым алмашылган аймактардын жашоочулары үчүн Раззаков жана Максат айылдарында жалпы 76 турак жайдын курулуш иштери да дээрлик аяктап калды.

Учурда жалпы Баткен жана Лейлек району боюнча 257 үй курулууда

Последние новости