www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен Будапештте жолугушпайт. Бул тууралуу ал НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен жолугушууда билдирди.

«Мен Путин менен жолугушуу планын жокко чыгардым. Мага биз жетишибиз керек болгон нерсеге жетпей тургандай сезилди. Бизде аp дайым жакшы сүйлөшөбүз, бирок ал натыйжага алып келбейт. Ошондуктан мен аны жокко чыгардым», деген Трамп келечект жолугушуу боло турганын кошумчалады.

Будапештте жолугушууну Трамп менен Путин 16-октябрда телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда макулдашышкан. Бирок так датасы аталган эмес. 21-октябрда «Financial Times>>> (FT) жана «The Telegraph» саммит жокко чыгарылганын, ал эми чечим АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 20-октябрда телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин кабыл алынганын билдиришкен.

Последние новости