www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү 24-октябрдагы тинтүүнү "милиция тарабынан кысым көрсөтүү" катары баалашты.

Бул тууралуу "Азаттыкка" билдиришти.

24-октябрда БШК имаратына күч кызматкерлери документтерди алганы келип, тинтүү кылышкан.

Алар Бишкектин Свердлов райондук милициясынын тергөөчүлөрү экени БШКнын "Телеграмдагы" каналында кабарланды.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын саламаттыгы начарлап, ага медициналык жардам көрсөтүлдү.

Милиция жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоо жарыяланган күндөн - 3-июлдан берки документтерди текшерүүдө.

Маалыматка караганда, буга уруксат берген токтомду 22-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган. Тергөөчүлөр 4-октябрда өткөн шайлоону уюштуруудагы эреже бузууларды аныктоо үчүн документтерди иликтөөгө уруксат сурап сотко кайрылган.

21-октябрда ИИМ кызматкерлери БШКнын мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылган. Милиция бул 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин чыккан башаламандыкка байланыштуу экенин айткан. Бул окуя жарандык коомдун, айрым саясатчылардын сынына кабылган.

Омбудсмен Токон Мамытов жана бир канча коомдук уюмдар милициянын аракетин сындап чыгышкан. Алар БШК - ишмердиги мыйзамдар менен даана көрсөтүлгөн конституциялык орган экенин кошумчалап, БШКнын ишине кийлигишкендер Жазык кодексинин негизинде жоопко тартыларын эскертишкен.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев мыйзамсыздык тууралуу айтылган соң ИИМ БШК мүчөлөрүнө «кысымын токтотконун» «Фейсбукка» жазган.

Последние новости