www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна №8 Төлөйкөн шайлоо округу боюнча жеңүүчү Нурбек Алимбековдун үстүнөн арыз түшүү уланууда.

Белгилей кетсек, ал боюнча жыйынтыктар буга чейин эле чыгарылган. Алардын айтымында, Нурбек Алимбеков көпчүлүк добушка ээ болду. Бирок анын негизги атаандашы, дагы депутаттын милдетин аткаруучу Шайлообек Атазов Алимбеков паракорлук менен алектенген деп ырастоодо. Буга далил катары Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жолдогон, анда Нурбек Алимбековдун бир тууганы ар бири 5 миң сомдон акча таратып жатканы айтылууда. Атазовдун өкүлү акча убада кылынган шайлоочулардын арыздарын берди. БШК бул кагаздардын баарын Ички иштер министрлигине жөнөткөн.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча, беш пайыздык чектен алты партия өттү. Ошондой эле бир мандаттуу округдардан кимдер жеңгени тууралуу алдын ала маалыматтар бар. Добуштарды кол менен саноо аяктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости