www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлиги 13-январда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбековдун 2003-жылы ээ болгон жогорку билими тууралуу кайрылуусуна жооп берди. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда БШКнын жыйынында белгилүү болду.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, БШКга көрсөтүлгөн Кыргыз улуттук университетинин дипломунун көчүрмөсү Момбековго берилген эмес. Архивде да Момбековду кабыл алуу жөнүндө буйрук, анын өздүк иши, диплом ыйгаруу жөнүндө буйрук табылган эмес.

Буга байланыштуу БШКнын жумушчу тобу Рыскелди Момбековду депутаттыкка талапкер катары каттабоону сунуштады.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Момбековдун Дипломатиялык академиясын бүтүргөндүгү тууралуу диплому Кыргыз улуттук университетинин жасалма дипломунун негизинде берилиши мүмкүн эмес болчу экенин айтты.

Момбековдун ыйгарым укукту өкүлү Бакыт Абдыкеримов конституциялык мыйзамда депутаттыкка талапкер жогорку билим алгандыгы жөнүндө бардык документти көрсөтүш керек деген талап жок экенин билдирди. Ал өткөн жылы 24-ноябрда БШКнын Момбековду депутаттыкка талапкер катары каттабоо тууралуу чечими сот тарабынан жокко чыгарылып, Момбеков шайлоого катышканын белгиледи.

Ошондой эле Момбеков Башкы прокуратурага өтүнүч менен кайрылып, кечээ, 19-январда анын ишин карап жаткан тергөөчү менен жолугушканын, тергөөчү кылмыш иши жабыларын айтканын кошумчалады.

Бирок БШКнын бардык мүчөсү Момбековду депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тартышты.

27-февралда Бишкек шаарына караштуу Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу округдарында Жогорку Кеңештин 2 депутаты шайланат. Момбеков Биринчи май округунан шайлоого катышарын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости