www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК Шайлообек Атазов боюнча түшүндүрмө берди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов боюнча түшүндүрмө берди. 21-февралда БШКга Абдурахман Муртазалиевдин ишенимдүү өкүлү Таалайкүл Токтакуновадан арыз келип түшкөн.

Токтакунова билдиргендей, БШКнын 2022- жылдын мартындагы чечими менен Свердлов округунда депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн Муртазалиевдин каттоосу жокко чыгарылган, 2022-жылы 15-мартта Бишкек административдик соту жана 2022-жылы 22-мартта Жогорку сот Муртазалиевдин даттануусун четке каккан.

Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарууга Бишкек ШИИББдин Л.Смаилова менен Ф.Талипованын добуш сатып алууга айыпталганы себеп болгон.

Токтакунова ушул жылы 21-февралда Свердлов райондук сотунун 2022-жылы 16- майда чыгарган өкүмү колуна тийгенин билдирип, Муртазалиев жана анын жакындарынын Смаилова менен Талиповага тиешеси жок экени аныкталып жатканын белгилеген.

Токтакунова БШК чечим кабыл алып жатканда негиз болбогонун кошумчалап, 2023- жылы 21-декабрда У.А.Мергеналиев менен А.О.Клименко Свердлов райондук соту тарабынан добуш сатып алууга күнөөлүү деп табылганын, аталган жарандардын Атазовго тиешеси бар экени тастыкталганын билдирди.

Токтакунова БШКдан Муртазалиевдин депутаттыкка талапкер катары каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечимди кайра артка алууну, Атазовдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну, Муртазалиевди Свердлов округунан шайланган депутат деп табууну суранган. Бирок БШК Токтасунованын өтүнүчүн четке каккан.

Ал эми Муртазалиев Бишкек административдик сотуна кайрылып, БШКнын үстүнөн даттанган. 1-мартта административдик сот Муртазалиевдин өтүнүчүн канааттандырып, БШКнын Муртазалиевдин депутаттыкка талапкер катары каттоосун жокко чыгарган чечимин жараксыз деп тапты.

Ошондой эле сот БШКны депутаттык мандатты Атазовдон алып, Муртазалиевге берүүнү тапшырды. Бул чечимдин үстүнөн 30 күндүн ичинде даттанса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости