www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК: Токмокто добуштар кайра саналат

Токмок аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) шаардык кеңешке добуш берилген бардык тилкелердин жыйынтыгын кайра карап чыгууну чечти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады.

Добуштарды кайра саноого "Эмгек" жана "Асыл Мурас-Жаштар" партиясынын арызы негиз болгон. Аталган партиялардын дооматына ылайык, бардык тилкелерде добуштар кол менен саналган эмес.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуштарды кайра эсептөө БШК мүчөсүнүн катышуусунда ишке ашууга тийиш.

Учурда Боршайком Токмок АШКнын бул чечимин карап жатат.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо өткөн. Баштапкы жыйынтыктар боюнча, ал күнү Токмокто 16 973 шайлоочу добуш берген. Бул жалпы шайлоочулардын 44,55% түзөт. Берилген добуштардын 16 796сы жарактуу деп табылган.

Баштапкы жыйынтыкка караганда, шайлоого катышкан партиялардын ичинен:

"Бирге-Вместе" партиясы добуштардын 28,27%, "Эмгек" — 24,82%, "Асыл Мурас-Жаштар" — 16,66%, "Патриот Ынтымагы"— 13,69%, ал эми "Эл Биримдиги" партиясы 12,13% алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости