www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык "Xiaomi" компаниясы экинчи кварталда биринчи жолу смартфондорду жеткирүү боюнча дүйнөдө экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу "Canalys" компаниясы жүргүзгөн иликтөөгө ылайык жарыялады.

Маалым болгондой, "Apple" үчүнчү орунга төмөндөдү, ал эми "Samsung" лидер болуп биринчи орунга чыкты.

Изилдөөчүлөр Xiaomi компаниянын сатууларынын өсүшү чет өлкөлөрдөгү базарларда бизнестин тез өнүгүшү менен байланыштырып жатышат.

Мисалы, компаниянын жүк ташуусу Латын Америкасында 300%дан ашык, Африкада 150%га жана Батыш Европада 50%га көбөйгөн.

Мындан тышкары, Xiaomi смартфондорунун орточо баасы Samsung жана Apple компанияларына караганда 40% жана 75%га арзан.

Дүйнөлүк смартфон базарында Xiaomi үлүшү 17%, Samsung — 19%, Apple — 14% деп бааланууда. Ар бири базардын 10% ээлеген Vivo жана Oppo компаниялары смартфондорду жеткирүү боюнча алдыңкы бештикке кирет.

Жалпысынан, Canalysдин маалыматы боюнча, экинчи кварталда дүйнө жүзү боюнча смартфондорду ташуу 12% өскөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости