www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы 2-ноябрда №29 округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгусу келген Койчиева Венера Сапарбековнаны каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.

Документ кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ Койчиева Венера Сапарбековнаны Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу талаптарга ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 28-октябрдагы маалым катына ылайык. В. Койчиева акыркы 5 жылда республиканын аймагында туруктуу жашоо тууралуу талапка жооп бербей тургандыгы аныкталган.

Тагыраак айтканда, В. Койчиева 2021-жылдын 20-октябрынан тартып, 2022-жылдын 10-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жалпысынан 269 күн жүргөн. Мындан тышкары, 2022-жылдын 26-октябрынан 2023-жылдын 13-октябрына чейин жалпысынан 186 күн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн.

Последние новости